Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:26
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Мароккодо эски кудукка түшүп кеткен 5 жаштагы бала куткарылгандан кийин каза болду

06.02.2022 12:30
860
Мароккодо эски кудукка түшүп кеткен 5 жаштагы бала куткарылгандан кийин каза болду

2-февраль күнү Мароккодо суусу кургап калган 32 метрлик кудукка 5 жаштагы Райан аттуу бала түшүп кеткен. 

Ал кудуктун диаметри болгону 45 сантиметр болгон.


Куткаруучулар өздөрү түшүп аны алып чыгууга мүмкүн эмес эле. Анткени кудуктагы таштар кулап, баланы басып калуу коркунучу болгон.

Мындан улам, куткаруучулар акырындык менен баланы чыгарып алуу аракетин көргөн.

5 жаштагы Райан кудукка түшүп кеткен учурда башынан катуу жаракат алган. Бирок ал куткаруучуларга жооп берип турган.

Бүгүн, 6-февралда 4 күндөн кийин бала куткарылган. Тилекке каршы, Райан ооруканага бара жаткан учурда каза болгон.


Өлкө башчысы жана дүйнөдөгү миңдеген жарандар Райандын өлүмүн өкүнүү менен кабыл алып турган чагы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн