Бишкек шаарындагы маршруткалардын биринде чөнтөкчү уурулар жүргүнчүлөргө кол салууга аракет кылган. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.
Тасмадан байкалгандай чөнтөкчү уурулар жүргүнчүнүн уюлдук телефонун уурдоого аракет кылган учурда жүргүнчү байкап калган. Мындан улам чөнтөк уурулары жүргүнчүлөргө миздүү буюмдар менен кол салууга аракет кылган.
Маалым болгондой, окуя №199 маршруткада катталган.
Окуя боюнча тиешелүү органдар азырынча билдирүү жасай элек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн