Массалык башаламандык уюштурууга шектүү катары Курсан Асанов кармалды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 2020-жылдын 10-октябрында массалык башаламандыкты уюштуруу фактысы боюнча Курсан Асанов кармалган.
Учурда ведомстволор аралык тергөө-ыкчам тобу аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоого жана камакка алууга багытталган иш-чараларды улантууда.
Пикирлер (1)