Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 09:35
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Массалык башаламандыктардан бери дайынсыз болуп жаткан Нурсултан Назарбаев казак элине кайрылуу жасады (видео)

18.01.2022 17:06
1678
Массалык башаламандыктардан бери дайынсыз болуп жаткан Нурсултан Назарбаев казак элине кайрылуу жасады (видео)

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев казак элине кайрылуу жасады. Ал Казакстандын "Биринчи каналы" аркылуу түз эфирге чыкты.


Назарбаевдин айтымында, ал өлкөнү таштап эч кайда кеткен эмес.


"Мен пенсиядагы жаран катары ардактуу эс алуудамын. Мен өлкөнү таштап эч кайда кеткен жокмун. Азыркы учурда борборубузда жашап жатам.


Мындан ары "Нур-Отан" партиясынын төрагалыгы президент Касым-Жомарт Токаевге өтөт",- деди Назарбаев.


Мындан сырткары, ал өлкөнүн элитасында эч кандай бийлик талашуу жок экенин билдирди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн