Бугу 03, 2024
Убакыт: 18:32
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Матраимов менен Ражабалиевдин ордуна жаңы депутаттарды шайлоо эки округда кайрадан өткөрүлөт

28.02.2024 13:50
1422
Матраимов менен Ражабалиевдин ордуна жаңы депутаттарды шайлоо эки округда кайрадан  өткөрүлөт


Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо эки бир мандаттуу округда өткөрүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.


Анын айтымында, кеп буга чейин депутат Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатын тапшыруу боюнча арыз берген Кара-Суу жана Баткен райондору тууралуу болуп жатат. Ал Жогорку Кеңешке партиялык тизме менен шайланган депутат мандатын тапшырса, мандатын кийинки талапкер ээлей турганын эске салды. Эгерде бир мандаттуу округдан депутат чыкса, ал жерде жаңы шайлоо өткөрүлөт.


Бирок шайлоонун так күнү азырынча белгисиз. Абдыжапар Бекматов түшүндүргөндөй, алар президент тарабынан дайындалгандан кийин эки айдын ичинде өткөрүлөт. Бул жол-жобо шайлоо мыйзамында каралган.


Белгилей кетсек, буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн