Жакында эле УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө Матраимов менен Көлбаевдин мафиясы болбойт деп билдирди. Ага байланыштуу 202 бажы кызматкери жумуштан алынганы маалым болгон. Ошол эле мезгилде 2020-жылы Матраимовдун партиясы менен кийин жыйынтыгы жокко чыккан шайлоого катышкандар азыр Жогорку Кеңеште депутат болуп отурат. Атүгүл Райымбек Матраимов менен чогуу соттолуп, коррупция кылганын мойнуна алган бажычылар да эл өкүлү болуп келди.
MediaHub иликтөө жүргүзүп, Жогорку Кеңштин VII чакырылышындагы "матраимовчулар" кимдер экенин атады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн