Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:00
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Оштогу мечиттерде санитардык талаптар сакталбаса жабылат, - Мэр Сарыбашов

06.06.2020 15:07
1780
Оштогу мечиттерде санитардык талаптар сакталбаса жабылат, - Мэр Сарыбашов


Ош шаарындагы мечиттерде санитардык талаптар сакталбаса, биз аларды кайрадан жапканга аргасыз болобуз, деп билдирди шаар мэри Таалайбек Сарыбашов бүгүн, 6-июндагы брифингде.


"Ош шаары боюнча 72 мечит бар. Биз Ош шаарынын казысы менен сүйлөшүп, бардык мечиттер санитардык талаптарды сактап, антисептик, бет кап менен камсыз болуулары жана социалдык аралыкты сактоолору керектигин билдирдик. Мечитке кирип бара жаткан ар бир жаран бет капты милдеттүү түрдө кийүүгө тийиш. Эгер мечиттерде санитардык талаптар сакталбаса, биз аларды кайрадан жапканга аргасыз болобуз”, - деди Таалайбек Сарыбашов.


Эске салсак, 8-июндан тарта Кыргызстанда сыйынуучу жайлар иштеп баштайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн