Соттук териштирүүлөрдүн кечеңдеши жарандардын нааразычылыгын жаратууда. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Нарын облусундагы жергиликтүү соттор менен өткөрүлгөн онлайн жыйында билдирди.
Жогорку Соттон билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө өткөн жылдын жыйынтыгы чыгарылып, анда Нарын облустук сотунун төрагасы Куралбек Абдыкадыров жана анын үч орун басары 2024-жылдын жыйынтыктары боюнча маалымат беришти.
Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев өткөн жылы жазык иштери боюнча бир катар чечимдер өзгөртүлгөндүгүн айтып, одоно мыйзам бузуулар болгон учурда жеке аныктамалар чыкпагандыгын сынга алды.
Ошондой эле аталган аймактагы жергиликтүү соттордун жарандык иштерди кароодогу кетирилип жаткан кемчиликтери боюнча маселе көтөрүлүп, мурунку жылга салыштырмалуу, 2024-жылы 1 миң 174 соттук иш көбүрөөк түшкөндүгү белгиленди.
Муну менен катар, күчүндө калган иштер боюнча көрсөткүч 2023-жылы 53, 06 % болсо, 2024-жылы 98% түзгөндүгүн айтып, жакшы көрсөткүч экендиги айтылды.
Мындан тышкары, Жогорку соттун төрагасы соттук иштердин создуктурулушу жарандардын нааразычылыгын жаратып жатканын белгиледи.
Анын айтымында, соттук процесстердин кечигиши жана чечимдердин өз убагында чыгарылбай жатканы коомчулуктун сот системасына болгон ишенимине доо кетирүүдө.
"Буга байланыштуу ал создуктурулган иштер боюнча терең анализ жүргүзүп, кечигүүлөрдүн себептерин аныктап, аларды жоюу боюнча чараларды көрүүнү тапшырды",-деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн