Бугу 11, 2024
Убакыт: 12:32
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Медицина тармагын колдоо үчүн сатыкка коюлган 2 бөлмөлүү батир 1,5 млн сомго сатылды

28.07.2020 10:23
815
Медицина тармагын колдоо үчүн сатыкка коюлган 2 бөлмөлүү батир 1,5 млн сомго сатылды

 

"Эмаком" курулуш компаниясы медицина тармагын колдоо иретинде 1,5 миллион сом которду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, “Эмаком" курулуш компаниясы коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке 1,5 миллион сом которду.


“Колдон келген жардамыбызды беребиз. Четте карап турбайбыз. Бул илдетти биргеликте гана жеңебиз. 2 бөлмөлүү батирдин акчасын котордук”, - деген Джусупов.


Аталган компаниянын директору Мелис Джусупов буга чейин 2 бөлмөлүү батирди сатып, акчасы медицина тармагын колдоого жумшала турганын билдирген болчу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн