Бугу 21, 2024
Убакыт: 02:17
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Медкызматкерлердин айлыгы көтөрүлөбү?

05.11.2020 15:23
3506
Медкызматкерлердин айлыгы көтөрүлөбү?

Медкызматкерлердин айлыгын көтөрүү үчүн 7 млрд сом керек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутат Айнура Осмонованын суроосуна жооп берип жатып белгиледи. 


Министридин айтымында медкызматкерлердин айылыгын көтөрүү максатында 2 вариант иштелип чыккан.


"Эгерде каражат табыла турган болсо вариаттардын бирин ишке ашырууга мүмкүн болот. Мында дарыгерлердин базалык эмгек акысы 5000 сом болот. Биз муну 80%,50%,40%га көтөрүүнү пландап жатабыз. Ал үчүн 7 млрд сом керектелет" - деп айтты Бейшеналиев. 


Андан сырткары министр Садыр Жапаров менен бул маселени сүйлөшкөнүн жана ал буга каражат табууну убадалаган.

Пикирлер (6)

Коопсуздук коду
Назира
Мага караганда санитаркам кичине көп алат,стажысы деле 2005тен баштап,ал эми мен 1999дан баштап иштейм,ар кимдин өзүнүн ырыскысы болот дечи,бирок мед айымдарды карап коюшса болот эле. Ортодогу балага ок да жок дегендей болуп атат
М
Мед айыммын,менин айлыгым 6600,эптеп бир айга ун,чай,май алам
Гулмира
Мед айымдардын айлыгын которую керек коп жумуштан барын медсестра жасайт Жана санитаркалар кылат мен ушул айда 5019сом айлык чыкты бардык соцфонд Жана башкаларды кармап калганда менин Бир айлык айлыгым Бир куну продукт алсан жок болот ошол учун айлыкты которуу кк
Маниярова Мээримжан
Медаыйымдардын маянасы абдан эле аз мисалы Жумгал районунда высокогорияга менен аз !!!үч миң сом айына 0.5ставкаларга жок дегенде өкмөт ушундай кырдаалда Депутаттардын санын азайтып ,айлыгыбызды көбөйтүп беришсе жакшы эле болмок
Нарматова Барчын
Медайымдардын жана кичимедайымдардын айлыгын которуу керек.Себеби оор туйшук ушуларга тушот. Врачтар кетсе да башка мамлекетте кара жумушчу болуп иштебейт а кучтуу акушерка же мед айым кетсе кара жумушчу болуп иштеп кыйналышат. Коздору торт болуп жаны замандын озгоруусун кутуп отурабыз.