Бүгүн, 15-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери өтүүдө.
Бүгүнкү беттеште кыз-келиндер боюнча курама командалар ат салышууда. Турнирге 68 килограмм салмакта катышкан Мээрим Жуманазарова финалда монголиялык балбан менен кез келип, алтын медалга ээ болду.
Сыйлык тапшыруу аземинде өлкөбүздүн гимни жаңырганда Мээрим Жуманазарова кубанычтан көзүнө жаш алды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн