Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 19:12
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

MegaCom жана Medcenter.kg борборунун "Мобилдик клиникасынан" текшерүүдөн өт

14.08.2020 08:54
1397
MegaCom жана Medcenter.kg борборунун "Мобилдик клиникасынан" текшерүүдөн өт


MegaCom компаниясы көп кырдуу Medcenter.kg медициналык борбору менен бирге жана жергиликтүү администрациясынын колдоосу менен "Мобилдик клиникасы" акциясын ишке киргизди.

Компания MegaCom`дун алыскы калктуу пункттарында жашаган абоненттерине медициналык кызматкерлердин кыдырма бригадасынын текшерүүсүнөн бекер өтүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

Бүгүн, 13-август күнү саат 08:30да тажрыйбалуу дарыгерлер тобу MegaCom уюштурган акциянын алкагында Чүй облусунун Ысык-Ата районунда медициналык жардамга муктаждарга акысыз кызмат көрсөтүү үчүн жөнөп кетти.

Бригаданын курамына кирген дарыгерлер:


• Хирург (+ УЗИ);
• Терапевт;
• Гинеколрг (Лаборатория + УЗИ);
• ЛОР (кулак-мурун дарыгери);
• Невропатолог;

Текшерүүдөн өтүү үчүн кезекке туруу MEGA24 тиркемеси аркылуу жазылуу тартиби менен жүрөт.


Бул үчүн:

• MEGA24 тиркемесин Google Play же App Store'дон жүктөп алуу же жаңылоо;
• "Портал" бөлүмүнө кирүү;
• "Мобилдик клиникасы" бөлүмүн тандоо.


MegaCom'дун абоненти тиешелүү адистиктеги дарыгерди жана кабыл алуу убактысын тандай алат. Бецтаптарды кабыл алуу саат 09:00дөн 17:00гө чейин жүрөт, түштөнүү убактысы (13:00-14:00). Акция жүргүзүүлүчү аймактардын тизмеси MEGA24 тиркемесинде көрсөтүлгөн.
Мындан тышкары кошумча маалымат алуу үчүн жана катталуу мөөнөттүн тактоо үчүн *5533 кыска номери кызматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн