Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 21:49
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

«Мекен Ынтымагы» партиясы шайлоо күрөөсүн өз убагында төлөгөн, - партиянын өкүлү

27.08.2020 12:05
939
«Мекен Ынтымагы» партиясы шайлоо күрөөсүн өз убагында төлөгөн, - партиянын өкүлү


«Мекен Ынтымагы» саясий партиясы БШКга шайлоо күрөөсүн өз убагында төлөгөн. Бул тууралуу “Медиа центр” маалымат агенттигине аталган партиянын өкүлү Нурзат Аманова билдирди. 


Анын айтымында, «Мекен Ынтымагы» саясий партиясы шайлоо күрөөсүн 24-август күнү саат 14:30да төлөп, маалым катты БШКга өткөргөн. 


"БШК шайлоого аттанган саясий партиялар тууралуу маалыматты бир жумада бир берет экен. «Мекен Ынтымагы» партиясы шайлоо күрөөсүн төлөй элек деп алар 21-августка карата алынган маалымат боюнча айтып жатышат. Биз азыр БШКнын өкүлдөрү менен байланышып, түшүндүрүп жатабыз. Биз шайлоо күрөөсүн төлөнгөнүбүз боюнча документтерди БШКга 24-августта саат 18:00гө чейин эле өткөргөнбүз", - деди ал. 


Буга чейин  БШКнын маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Руслан Изреков шайлоо күрөөсүн төлөгөнү боюнча «Мекен Ынтымагы» партиясынын маалым каты жок экенин билдирген. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн