Учурда жаңы тартылып, бирок чоң экранга чыкпай калган “Мекен” кино тасмасы тууралуу коомчулукта кызуу талкуу жүрүп жатат. Кинону карызга 100 миң доллар алып тартышканын айтып, тызылдаган режиссёр Медербек Жалилов театрларда көрсөтүлүүсүнө тыюу салган комиссиянын мүчөлөрүнө нааразы. Бирок алардын мындай кысымы тасманы жаратуучуларды чөктүрбөстөн, тескерисинче шыктандырып, ого бетер демиткенин айтат. “Буюрса, мындан дагы мыкты тасмаларды жаратып, элге тартуулай берүүнү улантабыз”, - дейт тасманын режиссёру Медербек Жалилов "Медиа центр" мультимедиалык-маалымат агенттигине берген маегинде.
Тасма тарыхы
“Мекен” киносу өткөн жылы тартылып, декабрь айында бүткөн. Фильмдин сюжети өлкөдөгү коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүгө арналган. Табияттын керемет кооздугуна бийликтегилердин кайдыгер мамилеси тууралуу сүрөттөлөт. Фильмдин узактыгы 1.40 саатты түзөт. Жанры драма.
Тасманы тартуу идеясы
- Азыр ачык байкалып калгандай, жаш муундар ойгонуп жатат. Акыркы жылдары коомубузда өзгөрүү бар. Буга чейин чоңдор бар, чоңдор чечет деген ой калыптанган да. Ар кайсы партияларды, чоң саясатчыларды ээрчип көрүштү. Аянтка чыккандар кайсы бир саясатчыны колдоп чыгышчу. Азыр болсо андай эмес, көйгөйдү айтып чыгууда. Мисалы, “уранды казбагыла” деп чыгып жатышат. Бирөөнү ээрчигенди токтотту. Биз дагы чыгармачыл адам катары өз салымыбызды кошолу деген ниет менен тарттык.
Талаш-тартыштын
башталышы...
- 2020-жылдын 24-январында прокатка чыгарууну пландап жатканбыз. Бир күнү кино үйүнөн чалып, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин тапшырмасы боюнча алдын ала тасманы көрсөтүбүүздү талап кылды. Ага чейин бардык театрларга "Мекен" тасмасы көрсөтүлбөсүн деген талапты коюшуптур. Толук бүтө электигин түшүндүрүп, сюжетин айтып бердик. Кийин тасма даяр болгондон кийин жеке көрсөтүлүшүн сунушташты. Макул деп кино үйүнүн өкүлүнүн жеке көрүүсүнө алып келдик. Анда пандемия баштала элек болчу. Кинонун жарыкка чыгуусуна тыюу салган пунктарга ылайык, порнография, диний кастыкты, улуттар аралык ынтымакты козуткан көрүнүштөр жок болчу. Бирок ошого карабай комиссия бир топ жерин кесип салууга мажбур кылышты. “Майнинг интернешнл” деген кен казган ишкананын тегерегинде болуп өткөн окуялар чагылдырылган. Тасмада бирөөнү жамандап, бирөөнү мактап бир жактуу тартылган эмес. Инвестордун да өзүнүн чындыгы бар. “Ашыкча текшерүүнү токтотуп, тендерди ачык өткөрүүгө жана пара албоого кепилдик берсеңер, ошол каражаттарды мыйзам чегинде мамлекетке берип, экологиялык коопсуздукту сактоо менен иштер жүрөт” деп убада берип жатат. Биз деле көрүп-билип жатабыз да, тааныштар, достор бар. Жең ичинен акча алып, ишкерлерди коркутуп-үркүтүп жатышат, бирок ошого кайыл болуп, мыйзамсыз иштеп атат. Ага биздин тиешелүү жетекчилер мажбурлап жатышат. “Бизге берип кое бер, маселени чечип беребиз” дешип. Мисалы, Нарында инвесторлор жардырып казып баштаганда элдер нааразы болуп каршылык көрсөтүштү. Анткени, элдин жайлоого чыгып жүргөн жерин берип коюшту. Бул жерде элге да, кытайлык инвесторлорго да түшүндүрүү болгон эмес. Биздин айталы деген оюбуз ушундай коррупциялык элементтерди ашкерелеп, элдин аң сезиминде революция жасоо болчу.
Комиссия “Мекенге” бут тостубу?
Тасманы көрүп чыккан мекемелер аралык комиссиянын мүчөсү, мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлү дагы бир каршы пикирин айтты: “тасмада милиция кызматкерин каралап көрсөтүп койгонсуңар деп. Бирок тасманы көргөн адамдар 100% милициянын баатыр экенин көрө алышат. Биринчиден, пара алуудан баш тартты, экинчиден бандиттер менен күрөшүүгө бел байлады. Тескерисинче, укук коргоо органдарына мисал, өрнөк боло турган каарман. Мындан тышкары инвестордун пара берип жаткан жерин алып салгыла дешти. Бул акылга сыйбаган нерсе. Алар эмне, бийликке каршы иштеп атабы? Мен ошого түшүнгөн жокмун. Себеби, президент “коррупцияга каршы күрөшүп жатабыз” деп айтып жатат, ким көрсө ачык айтсын деп. Ошол сыңары биз дагы коррупциялык көрүнүштөрдүн терс кесепеттерин көрсөтөлү дедик. Комиссиянын ушул эпизодун алып салгыла деп, коррупцияны ачык калкалап жатканы мен үчүн түшүнүксүз болду. Азыр болсо эмне үчүн тыюу салгандары боюнча жалган маалыматтарды таратып жатышат. Атайын пункттар же болбосо критерийлер менен белгилеп негизүү кине коюшса макул элек, булардын оозеки айткан сындары жалган чыкты. Кыскасы жөн гана бут тосуу болуп калды. Мамлекеттен бир дагы тыйын албай, өз күчүбүз менен тартып чыгарып жатсак да жакшы мамиле болгон жок. Буга чейин 30 жылдын ичинде бир дагы тасма ушундай мамлекеттик комиссиядан өткөн эмес. Болгону Кыргызфильм фондуна алып барып, кинонун көчүрмөсүн беришчи. Ал жердегилер көрүп көрбөй туруп эле кагаз жазып беришчи. Ал эми биздей болуп 7 айдын ичинде 4-5 жолу комиссияга чакырылган учур эч качан болгон эмес. Алардын талабы менен тасманын бир топ жерин алып салдык. Ошого карабай кинотеатрларда көрсөтүлүшүнө уруксат ала алган жокпуз. Ошондуктан биз Ютуб каналына чыгарууга мажбур болдук.
Таланттын келечегине балта чабылды
- Баштапкы вариантын көрсөтсөк жакшы болмок. Милиция кызматкеринин ролун жаранткан актердун таланты жабылып калган. Анын келечегине балта чабылды десек да болот. Көрүүчүлөр баалай албай калды. Таланттарды колдоолор жокко эсе болгондуктан Сүймөнкул Чокморовго окшогон таланттар жок азыр. Булардын ою боюнча каармандар робот сыяктуу түп-түз эмоциясы жок жүрүш керек экен. Талантты сындыруу, жок кылуунун ордуна колдош керек эле.
Комиссиянын кыска ойлуулугу
- Комиссия тасма тууралуу кыска жана тар рамканын ичинде карады. Кыргыз киносу комиссияда отургандар жана тиешелүү жетекчилик алмашканда гана оңолот. Кино тартуучуларга каражат жагынан болбосо да, моралдык жагынан колдоо көрсөтүп турган адамдар келгенде гана оңолот. Башка бир тасма менен Канада, Америкада өткөн фестивалда “Эң мыкты чет элдик таасма” деген номинацияны жеңип алдык. Дагы бир тасмабыз менен “Мыкты фильм” сыйлыгына ээ болдук. 5 өлкөдөн 1600 тасма катышкан сынакта ушундай сыйлыктарга жетиштик. Бизге Нью-Йоркко режиссерлук окууга жолдомо берилген. А бизде болсо жок дегенде жылуу сөз жок. Колдоонун ордуна бут тосуу болду. Комиссияда аң сезими кыска адамдар отурат экен. Көрсөтөлү деген ойду түшүнбөстөн жеңил-желпи, жаш бала айта турган мисалы, кара кийинүү, эненин бейитке барышы жана башка майда жагдайга көңүл бурушту.
100 миң доллар карызды жабуу аракети
- Кээ бир кино студиялар бар - 10 миллион акчаларды алып, бирок коомдогу көйгөйдү алып чыгууга өтүмү жок. Биз мамлекеттен бир тыйын сурабай, өз күчүбүз менен жараттык. Кандайдыр бир мансапка же атак-даңкка умтулган жокпуз, болгону коомубузда болуп жаткан терс көрүнүштөрдү, элементтерди алып чыгуу болчу. Биздин тасма башка кээ бир фильмдерге салыштырмалуу орто бюджетке тартылган. Тактап айтканда 100 миң доллар сарпталды, карызга акча алып тартып жаткандыктан биз үчүн чоң сымма. Башында бул акчаны кайдан табабыз деп катуу "стресс” болдук. Бирок Кудайга шүгүр көрсөтүлгөн эсеп боюнча элибизден жардамдар түшө баштады. 5 сомдон баштап, 5000 сомго чейин которгондор бар. Ютубда 2 күндүн ичинде 500 миң кароо болду. Бул да өзүнчө бир рекорд. Азырынча акчанын 5-10 пайызы чогулуп калды десек болот. Акчанын ордун толтуруп, кайтарып беришибиз керек. Ошондуктан интернеттен чыгарып, атайын эсеп ачып, элден каражат жагынан жардам сурап баштадык. Каалоочулар көңүлдөн чыгарып, колунан келген жардамын берсе болот. Ал эми көрүү бекер.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн