Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 13:34
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

“Мекеним Кыргызстан” + “Биримдик” = "Ынтымакпы"?

18.02.2021 15:08
1134
“Мекеним Кыргызстан” + “Биримдик” = "Ынтымакпы"?


Акыркы кездери «Ынтымак» деген партия ишин жандантып, жер-жерлерде штаб ачып, күпүлдөп иштей баштады. Алдыдагы шайлоолорго активдүү катышып, бийликтин сересине келүү дымагы күчтүү болууда.


Эң кызыгы бул партияга өткөн жылдагы парламенттик шайлоодон кийинки чырга негизги күнөөкөрлөрдүн бири болгон “Мекеним Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрүнүн топтолгону болууда.  Маселен, аталган партиянын биринчи сабындагы ЖК депутаты Мирлан Бакиров, 7-катардагы Марлен Маматалиев “Ынтымак” деп чуркап жүрөт. Эмне бул партияны да Райымбек Матраимов каржылап жатабы?


Мындан сырткары “Биримдик” партиясынан шайлоого катышкан Айбек Алтынбеков, “Кыргызстандын” өкүлү Нурбек Алимбековдор ушул саясий уюмда.


Эл кимдин-ким экенин билип турат. Моралдык жактан алып караганда 5-6-октябрдагы чырга себепчи болгондор жок дегенде 1-2 шайлоону өткөрүп саясатка аралашка кандай болот? Коомчулуктагы “Мекеним Кыргызстан” + “Биримдик” = «Ынтымакпы»? деген наарачылыктар күчөп кетпейби? Ушул жагын да эске алуу керек го. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн