Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 02:49
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Мектеп окуучулары Сулайман-Тоодо адамдарды оюнчук тапанча менен коркутуп, телефонун алган

Мектеп окуучулары Сулайман-Тоодо адамдарды оюнчук тапанча менен коркутуп, телефонун алган

Ош шаарында тоноо фактысы боюнча 4 жигит кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 21-мартта саат 19:00 чамасында  милиция кызматкерлери тарабынан Сулайман-Тоо тоосунун аймагында адамдарды тоноп жүргөн 4 жигит кармалган.


Кармалгандар Кара-Суу районунан шаарга элди тоноо үчүн атайын келишкени белгилүү болгон. Негизинен алар оюнчук тапанчаны колдонуп, жаш жигиттерди коркутуп, уюлдук телефондорун тартып алышкан.


Алар башка жарандарга таандык 2 "iPhone" жана 1 "Redmi" телефондорун алышкан.


Кармалгандар Т.А., Ж.уулу Б., 2004-жылы туулган А.уулу М., Ж.уулу А.,  мектептин окуучулары болуп чыккан. Аларга жабырлануучулардан 4 арыз келип түшкөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн