Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 05:16
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Мектептер кайсы учурда карантинге жабылат?

Мектептер кайсы учурда карантинге жабылат?

Кыргызстанда билим берүү уюмдары окууну үзгүлтүксүз камсыздоого тийиш. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова брифингде билдирди.


Анын айтымында, эпидемиологиялык кырдаал күчөп кеткен шартта тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чечим кабыл алуусы зарыл.


“Алгоритмге ылайык, билим берүү уюмунда бир адамдан COVID-19 табылса класс жабылат, эки же андан ашык учур катталса окуу жай толугу менен 14 күнгө карантинге жабылат. Окуу процессин бардык санитардык шарттарды сактоо менен жүргүзүү зарыл. Окуу жайларды дезинфекциялоо жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүлүшү кажет. Билим берүү уюмдарында концерттер, чогулуштар, майрамдык иш-чаралардын өткөрүлүшүнө тыюу салынат”, - дейт ал.


Касымова курч респиратордук вирустук жугуштуу инфекциялар же сасык тумоо менен окуучулардын 25 пайызы ооруган учурда мектеп онлайн окууга өтүшү камсыздоо керектигин белгилейт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн