Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мектептерде 12 жылдык билим берүү системасын киргизүү улантылууда

13.10.2022 16:34
340
Мектептерде 12 жылдык билим берүү системасын киргизүү улантылууда


Учурда Кыргызстандын мектептеринде 12 жылдык билим берүү системасын киргизүү боюнча этап-этабы менен иштер жүргүзүлүп жатат, айрым сабактар ​​кыскартылды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Токтобүбү Ашымбаева билдирди.


Анын айтымында, буга чейин жогорку класстарда окуучулардын жылдык окуу жүктөмү 1 миң 20 саатты, кенже класстарда 660-700 саатты түзгөн.


“Азыр 12 жылдык билим берүү системасын киргизүү процесси башталды. Ушундан улам жогорку класстын окуучуларынын жылдык окуу жүктөмү 850-880 саатка чейин азаят. Быйыл окуучулардын окуу жүктөмү сезилерлик азайтылган жок. Болгону диндердин өнүгүү тарыхы предмети пайда киргендигине байланыштуу адам жана коом дисциплинасы азайтылып, жана математика предмети 1 саатка кыскартылды”, - деди ал.


Ашымбаева кошумчалагандай, жаңы системаны ишке киргизүү боюнча иштер этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн