Бугу 15, 2024
Убакыт: 10:12
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Мектептин курулушунда иштеген мугалимдер боюнча түшүндүрмө

23.08.2021 15:44
742
Мектептин курулушунда иштеген мугалимдер боюнча түшүндүрмө


КР Билим берүү жана илим министрлиги интернетте тараган социалдык объектинин курулушуна катышып жаткан аялдардын видеосуна байланыштуу тушүндүрмө берди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине БИМдин басма сөз кызматы билдирген.


Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы С.Атабеков атындагы орто мектептин директору Хасият Сайпилаеванын айтымында, мындан мурда мектептин администрациясы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органына мектеп лабораториясы, китепкана жана архив үчун кошумча корпус куруу өтүнү менен кайрылган.


Жергиликтүү бийлик мектептин кошумча корпус куруу өтүнүчүн канаатандырып, 2021-жылга жергиликтүү бюджеттен аталган объектини курууга 1 млн 106 миң сом, долбоорлук-сметалык документтерине 257 мин сом каралган. Объектини мындан ары каржылоо дагы жергиликтүү бюджеттен каралат.


“Курулуш иштери мектептин аймагында жакында эле башталды. Ушул мектептин мугалимдери өздөрүнүн демилгеси менен курулуш иштерине жардам көрсөтүү максатында бир күндүк ашар уюштурушкан”,-деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн