Убактылуу кызматтан четтетилген Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ага карата козголгон кылмыш иши кыскартылгандан кийин өз кызматына кайтууга даяр экенин билдирди.
Жергиликтүү маалымат каражаттарына билдиргендей, Бейшеналиев өзүнүн ордуна келсе учурда министрдин милдетин аткарып жаткан Жаркынбек Касымбеков менен иштешпей турганын айткан.
"Мен аны абдан жакшы тааныйм. Ал кандай иштейт, жөндөмү кандай баарын билем. Мен министр болгондо эле келип кызматка коюшумду суранды. Мен макул болгон жокмун.
Министрлик ордума кайтсам мен аны кетирүүгө аракет кылбайм. Ал өзү кетет",- деди Бейшеналиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн