Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 12:26
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Мэр: Документи жок үйлөрдү бекер мыйзамдаштырабыз

08.12.2020 13:04
4569
Мэр: Документи жок үйлөрдү бекер мыйзамдаштырабыз

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жаңы конуштардагы жерлерди мыйзамдаштыруу акысыз болорун айтып чыкты. Ал акча чогулткула дегендерге ишенбөөгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-декабрда Фейсбук баракчасында жазды.


Бишкектеги жаңы конуштардагы документи жок үйлөрдү мыйзамдаштырабыз. Бул бекер болот, акча чогулткула биз чуркайбыз дегендерге ишенбегиле. Кызыл китеп алаарда гана банкка акча төлөйсүздөр. Башка төлөмдөр болбойт“, – деп билдирүү жазган Түлөбаев.


Белгилей кетсек, буга чейин Балбак Түлөбаев мөөнөтү бүткүчө жаңы конуштагы жерлерди мыйзамдаштырып кетээрин айткан. Ошондой эле мэрдин милдетин аткаруучу кызматынын мөөнөтү аяктагандан кийин, ал кайрадан Бишкек шаарынын мэри болууга ниети жок экендигин айтып чыккан.

Пикирлер (8)

Коопсуздук коду
Шабданова Наргиза
Саламатсынарбы менин уйум Ак-Ордо3 ул Тайлак деген жерде 10жылдан бери документери жоок,жардам бергенизди сууранам.Канча жолу жаздым,жообууу жоок .
Назира
Саламатсыздар биз квартирада 20жылдан бери жашап келебиз бизге.жер участок жардам бериниздерчи бул зарплата менен омур бою жетпейбиз ушул теманы тоже чечиниздерчи Калым ордодо кебир бош жерлер бар квартальныйлар жакшы билет ошондой жерлерден бериниздерчи
махабат
Арча-Бешикте 20жылдан ашык жашап келебиз, баардыгыбыздын кызыл китеп документтерибиз бар, жаны кошуна сатып алган адамдар, чек туура эмес, мен силерден алам дегендер кандай болот, "бир кумалак бир карын майды чиритет" болуп, эми биз бирибирибизди сотко беришип, жерлерибизди тактап, уйлорубузду бузабызбы... неге госрегистр, архитектура документтерди берет, болгону болгондой олтургузуп беруунорду суранабыз!
Майрам
Элдин көйгөйүн чечсениз эл өзү мэрлике отургузуп койот эч кимден сурабайт ????????????????????????????
Алмашкан
Здравствуйте. У нас в Новопавловка есть земельная доля , но там люди построили дома у всех красные книги. Но у меня на руках документы: зелёная книжка в которой черно по белому написано , что эти земли не для построек, а для сельскохозяйственных нужд. Как мне быть подскажите пожалуйста. Даже в гострегистре проверяла в компьютере все наши данные с этого участка не випысывали красные книги .Как быть теперь