Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 12:00
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Мэр: Документи жок үйлөрдү бекер мыйзамдаштырабыз

08.12.2020 13:04
4568
Мэр: Документи жок үйлөрдү бекер мыйзамдаштырабыз

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жаңы конуштардагы жерлерди мыйзамдаштыруу акысыз болорун айтып чыкты. Ал акча чогулткула дегендерге ишенбөөгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-декабрда Фейсбук баракчасында жазды.


Бишкектеги жаңы конуштардагы документи жок үйлөрдү мыйзамдаштырабыз. Бул бекер болот, акча чогулткула биз чуркайбыз дегендерге ишенбегиле. Кызыл китеп алаарда гана банкка акча төлөйсүздөр. Башка төлөмдөр болбойт“, – деп билдирүү жазган Түлөбаев.


Белгилей кетсек, буга чейин Балбак Түлөбаев мөөнөтү бүткүчө жаңы конуштагы жерлерди мыйзамдаштырып кетээрин айткан. Ошондой эле мэрдин милдетин аткаруучу кызматынын мөөнөтү аяктагандан кийин, ал кайрадан Бишкек шаарынын мэри болууга ниети жок экендигин айтып чыккан.

Пикирлер (8)

Коопсуздук коду
Гуля
Дачада тургандарга качан айыл статусу берилип, элдер жашаган жерге каттоого туралышабы
Шабданова Наргиза
саламатсынарбы менин уйум 8 жылдан бери документи жок болуп жатат жардам беринизчи Ак-Ордо3то
Самат
Эн туура ушундай кылып кетсениз канча адамдын сообуна калат элениз,, жаны конуштар мындан нары салынбасын Бишкек узун туурасынан эмес бийигинен ойдо карай оссун
Суйналиев Турдубай
Токолдош жадная Жогорку токолдошту качан мыйзамдуу болушат кайсы убакта чейин кыйналышат.