Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 19:57
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Мэрия 55 жаштан өткөн жарандарды себепсиз үйдөн чыкпоого чакырды

Мэрия 55 жаштан өткөн жарандарды себепсиз үйдөн чыкпоого чакырды

55 жаштан өткөн жарандар себепсиз үйдөн чыкпай отурушуңуздарды суранабыз. Мындай пикирин вице-мэр Айжан Чыныбаева брифингде билдирди.


Анын айтымында, күн сайын коронавируска чалдыккандардын саны өсүүдө. Ошондуктан, коомдук жайларга баруу коркунуч жаратууда. Айрыкча, улгайган адамдар үчүн.


Өз кезегинде Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун орун басары Айнагүл Рыскулова борбор калаадагы COVID-19 эпидемиологиялык абалы начар деп бааланып жаткандыгын белгиледи. Акыркы суткада коронавирустун 77 учуру катталды. Ошол эле учурда, ал шаардыктар алгачкы клиникалык белгилер пайда болгондо ооруканаларга өз убагында бара башташкандыгын баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн