Тогуздун айы 30, 2024
Убакыт: 23:21
USD
85.65
86.15
EUR
92.20
93.20
RUB
0.875
0.915

Мейкинбек Абдалиев, ЖК депутаты: Турмуш куруу максатында кыз ала качуу - улуттук салт

19.10.2023 14:56
392
Мейкинбек Абдалиев, ЖК депутаты: Турмуш куруу максатында кыз ала качуу - улуттук салт


Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев турмуш куруу максатында кыз ала качуу улуттук салт деп эсептейт. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.


Эл өкүлдөрү Кылмыш-жаза кодексине, ошондой эле Жоруктар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүүнү талкуулап жатышат. КР Кылмыш-жаза кодексинин «Мал уурулук» деген өзүнчө беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Бул кылмыш үчүн жазаны 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралууда.


Эл депутаты Дастан Бекешев бул демилгеге каршы чыгып, кыз ала качакандар 7-10 жылга, ал эми мал уурдагандар 12 жылга чейин эркинен ажыратылышына нааразы болду. 


Өзгөртүүлөрдүн демилгечиси Мейкинбек Абдалиев кесиптешинен кыз ала качууну мал уурулук менен салыштырбоону өтүндү.


«Сиз кыздарды ала качуу боюнча айттыңыз. Бул салт болгонун билсеңиз таарынбаңыз. Мал уурдалат, аялдарды ала качышат, бирок сатпайт. Алар ага үйлөнүшөт», - деди Мейкинбек Абдалиев.


Дастан Бекешев кызды өз эркине каршы ала качса, бул ансыз деле кылмыш болуп саналат жана бул салт эмес деп жооп кайтарды.


Белгилей кетсек, адамды никеге туруу максатында ала качуу беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат, ал эми баланы иш жүзүндө никелик мамилелерге же никеге туруу максатында ала качуу, - жаза 7 жылдан 10 жылга чейин.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн