Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 18-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Жуманазаров Артурбек Беренбекович ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан кабарлашты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн