Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 03:56
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Милиция 9 жыл мурун өлтүрүлгөн эки баланын өлүмү боюнча кылмыштын бетин ачты (видео)

11.05.2022 14:39
8156
Милиция 9 жыл мурун өлтүрүлгөн эки баланын өлүмү боюнча кылмыштын бетин ачты (видео)

Чүй облусунун ИИББнын кызматкерлери 9 жыл мурун эки адамды өлтүрүү кылмышынын бетин ачышты. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББнын Басма сөз кызматы билдирди.


Бул резонанстык кылмыштын бетин ачууну Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри жеке көзөмөлгө алып, бир нече жолу жыйынтыктоочу кеңешмелерде бул кылмыштын бетин ачуу маселеси көтөрүлүп келген.


Көп өтпөй ушул жылдын 10-майында Чүй облусунун ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын жана Токмок шаарынын ИИБнын, Ысык-Ата РИИБнүн кызматкерлеринин ыкчам ишинин натыйжасында 2013-жылы адам өлтүрүүгө шектүү катары кармалган.

Алсак, 2013-жылдын октябрь айында Токмок шаарынын ички иштер органдарына 1989-жылы туулган Кунбасов Н. жана, 1988-жылы туулган Т.Ишеновду табууга көмөк көрсөтүү үчүн эки жаран кайрылган, алар 2013-жылдын 22-октябрында үйүнөн чыгып, кайтып келишкен эмес.


Бул факт Токмок шаарынын Ички иштер бөлүмүндө катталып, кийин Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинде (адам уурдоо) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, издөө иши башталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон адамдардын турган жерин аныктоо максатында бир катар тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн. Атайын багыттамалар жөнөтүлүп, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдардын мүмкүн болгон байланыштары аныктоого боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, мамлекеттик чек арадан өтүү фактысын аныктоо максатында тиешелүү суроо-талаптар жөнөтүлүп, жоголгонго чейин байланышта болгон бир катар адамдар суралган.

2022-жылдын 3-майында Ысык-Ата районунун ИИБнин Нөөмөт бөлүмүнө Ак-Кудук айыл өкмөтүндө жайгашкан талаалардын биринен адам калдыктарын табуу фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн.

Алынган маалымат боюнча тергөө-ыкчам топ токтоосуз жөнөтүлгөн.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, зарыл болгон бардык экспертизалар дайындалган.

Андан кийин дайынсыз жоголгон Н. Кунбасовдун жана Т.Ишеновдун туугандары аталган сөөктөрдү жана сакталган кийимдерди аныктап, инсандыгын тастыкташкан.


Аталган кылмышты жасагандыгына шектеүү катары 1985-жылы туулган Х.Ш. жана 1964-жылы туулган Х.Ж., аттуу жарандар кармалып, Ысык-Ата районунун ИИБнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Тергөөнүн алдын-ала версиясы боюнча, кылмыш толугу менен өлтүрүлгөндөр менен шектүүлөрдүн уулдарынын ортосундагы келишпестик чыгып, мушташуу болуп, анда шектүүлөр таш менен урушкан. Кылмыш жасагандан кийин кылмышты жашыруу максатында шектүүлөр аталган эркектердин өлүктөрүн алып чыгып, Ысык-Ата районунун аймагына көмүп салышкан. Мындан тышкары, 2014-жылы тергөө иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө аталган шектүүлөр суракка алынган, бирок шектүүлөр, анда жалган көрсөтмө беришкен, тактап айтканда, алардын ортосундагы чыр-чатак алар тынчтык жолу менен чечишти жана алардын жок болушуна эч кандай тиешеси жок деп көрсөтмөсүндө айтышкан.


Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчиси бул резонанстык кылмыштын бетин ачуунун жүрүшүн жеке көзөмөлдөп турган. 


Азыркы учурда иштин материалдары боюнча бир катар тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн