Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:30
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Милиция кызматкерлери Англия жана Таиланддан келген туристтерге жардам беришти

15.08.2023 11:53
223
Милиция кызматкерлери Англия жана Таиланддан келген туристтерге жардам беришти


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери Англия жана Таиланддан келген туристтерге жардам көрсөтүштү.

ЖКККББдан билдиришкендей, Таиланд жана Англиядан келген туристтер Кыргызстандын тоолуу аймактарын кыдырып жүрүп, Ош - Бишкек унаа жолунун 451-чакырымында авто унаасы бузулуп, бир нече күн бою унаасын оңдой албай туруп калышкан.

Аларды ЖКККББнын Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жана Таш-Көмүр ШИИБдин кызматкерлери көрүшүп, бузулуп калган авто унаасын Таш-Көмүр шаарына чейин кошумча техника менен сүйрөп келип беришкен. Ал эми туристтерге тамак-аш, суусундуктарды алып беришкен.

Өз кезегинде туристтер милиция кызматкерлерине рахмат айтып, ыраазычылык билдиришкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн