Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:49
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоону улантышууда

05.01.2022 10:32
635
Милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоону улантышууда

Милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоону улантышууда. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу эс алуу күндөрүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги коомдук тартипти жана коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздоо максатында жарандардын өмүрүн жана ден соолугун кылмыштуу кол салуулардан коргоо боюнча бардык зарыл болгон чараларды көрүүдө.


Өзгөчө маанилүү, стратегиялык жана кайтарууга алынган тиричиликти камсыздоочу объектилерди коргоо камсыздалды. 


Негизги майрамдык иш-чараларда тартипти камсыздоодо коопсуздуктун бардык деңгээлин эске алуу- жакын жердеги турак-жай секторунда, массалык иш-чаралар өтүүчү жайларда мыйзамдуулуктун жана тартиптин абалына көзөмөл кылуу болгон. Кайгуул милициясынын посттору майрамдык иш-чаралар өтө турган жайларга жакын жерлерге жайгаштырылды. Милициясынын кезметтеринин, ыкчам-тергөө топторунун күнү-түнү нөөмөттө болуулары уюштурулган. Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого көмөк көрсөтүү үчүн укук коргоо багытындагы коомдук түзүмдөр, ыктыярдуу элдик кошуундар тартылган. 


Кыргыз милициясынын жалпы өздүк курамы кызматтык милдеттерин аткарууда мыйзамдуулукту сактоого, жасалган же боло турган кылмыштар тууралуу бардык билдирүүлөргө токтоосуз жооп берүүгө багытталган. Кыйынчылыктарга жана укук бузууларга тез арада чара көрүү, алдын алуу үчүн кошумча ыкчам-тергөө топтору жана ыкчам аракеттенүү топтору жеринде иш алып барышат. 


ИИОнун кызматкерлери коомдук тартипти толук камсыздап, одоно мыйзам бузуулар аныкталган жок. Ыкчам-криминалдык абал туруктуу жана милициянын толук көзөмөлүндө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн