Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 08:24
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Милиция кызматкерлери үчүн 216 батирлүү үй берилет

28.04.2023 17:28
358
Милиция кызматкерлери үчүн 216 батирлүү үй берилет



Бүгүн, ИИМдин жыйындар залында ички иштер органдарынын 2023-жылдын 3 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отуруму болуп өттү.

Коллегияда ички иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан коллегияга катышкандарга бир катар тапшырмалар. 


Белгилей кетсек, өздүк курамга байланышкан бир топ кемчиликтер бар, ошондуктан мындан ары кемчиликтерге жол бербей ички иштер органдарынын кадыр-баркын жогорулатууга карата иш алып баруу үчүн, төмөндөгү маанилүү учурлар белгиленди, -

-Мыйзам бузуу, пара алуу, эл арасында резонанс жараткан мыйзам бузуулар туурасында кадрлар боюнча жетекчинин орун басарынын, шаардык, райондук, айылдык ички иштер органдарынын биринчи жетекчилеринин жоопкерчиликтерин күчөтүү жана жетекчилерге сөзсүз түрдө тартиптик чара көрүү принциби каралат жана өз милдетин аткарбагандыгы үчүн анын кыймыл аракетине юридикалык баа берилет;

-Эми мындан ары, ишмердикке башкача көз караш киргизебиз.Ар бир райондук ички иштер органдарында, айылдык, шаардык бөлүмчөлөрдө, аларды координациялаган шаардык жана облустук ички иштер башкармалыктарында ишмердиктерин так аныктап, ошого жараша өзгөчө баа берилет;

-Кылмыштарга жана алардын түрлөрүнө каршы күрөшүү, коомдук коопсуздукту сактоо, элди сервистик тейлөөнүн сапаты, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, экстремизм, миграция жана баңгизаттарга, ошондой эле уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ченемдик-укуктук актылар менен иштөө, жарандарды кабыл алуу, санарип тутумун ишке ашыруу сыяктуу маанилүү багыттардын ар бирине өз-өзүнчө “Ички рейтинг” аталыштагы баа берүү системасын киргизебиз. Бул кадамдар баарыбыз үчүн, эң башкысы элдин алдында жүзүбүз жарык болушу үчүн бирдиктүү жана калыс принципти жаратат.

Качан гана темирдей бекем тартип орноп, ичибизден тазалануу, көөдөнү таза эмес кызматкерлерден арылып, эл үчүн, берген антына бекем турган, жогорку моралдык адеп-ахлакты туу туткан кызматкерлер гана иштеп калмайынча ушул процессти катуу көзөмөлгө алабыз. Ошондуктан, берилген тапшырмаларды кыска мөөнөттө иштеп чыгып, ишке ашыруу ИИМдин тиешелүү кызматттарына дайындалды.


Ошондой эле, ички иштер органдарынын алдында элдин коопсуздугун камсыздоо боюнча артыкчылыктуу милдеттер турат. Ал милдеттерди аткаруу үчүн күнү-түнү талыкпай эмгектенүүгө, сергек ишмердик жүргүзүүгө буйрук берилди. 

Элдин коопсуздугун камсыздоо, жеринде жардам сурап кайрылган жарандарыбызга сервистик тейлөө көрсөтүү ишмердигин андан ары улантып, кылмыштарга каршы күрөшүүнү, коомдук тартипти жогорку деңгээлде камсыздоону тапшырылды.


Биздин өлкөбүздө укуктук тартипти бекемдөө, коомдун коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо туруктуу шартта дайыма ишке ашырылышы керек. Андыктан, алдыда келе жаткан май айынын башындагы эс алуу күндөрү жер-жерлерде күчөтүлгөн тартипте элдин коопсуздугу жана жол коопсуздугу ишке ашырылсын. Жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге, баардык массалык жана маданий иш-чара өтүүчү аймактарда элдин коопсуздугу жогорку деңгээлде камсыздоо тапшырылды. 

Жер-жердеги коомдук жайларга, эл көп чогулган аймактарга, эл аралык трассаларга, ички маанилүү жолдорго видео-камераларды орнотуп, Ички иштер министрлигине туташтыруу иши аягына чыгаруу маселеси курч коюлду. 


Жаш өспүрүмдөргө таалим-тарбия берип, мектептерде, окуу мекемелеринде, жогорку жана атайын орто окуу жайларында коомдук тартипти сактап, келечек муундун коопсуз өсүшүн камсыздоого ар бир ички иштер органдарынын кызматкери милдеттүү болуп эсептелет.Жаш өспүрүмдөр менен иштөөдө, ар түрдүү жагымсыз окуялардан оолак болуу, намыска үйрөтүү, өлкөбүздүн баалуулуктарын ыйык тутуу көз карашын кошо жеткирүү мезгилдин талабы.Өсүп келе жаткан муундар арасында элибизге жат идеологиянын пайда болуусуна бөгөт коюу максатында, жергиликтүү бийлик органдары менен бирге конкреттүү иш-чаралар жүргүзүү милдети коюлду.


Ички иштер органдарынын кызматкерлерине жана ардагерлерине үйлөр курулуп, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу “Менин үйүм” долбоорунун негизинде камсыздалат. 

Мындай иш-чара, Ички иштер министрлигинде эле эмес, жалпы республика боюнча жүргүзүлүп, бул социалдык өнүктүрүү иш-чарасын Өлкө башчыбыз өзү колго алган. Бишкек шаарындагы 216 батирлүү үй ипотекалык жол аркылуу Ички иштер министрлиги эмес, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилет. Үйлөрдү куруу ушуну менен эле токтоп калбайт, дагы көптөгөн үйлөр курулуп, муктаж болуп, кезекте турган бардык кызматкерлер жана ардагерлер турак-жай менен камсыздалат.


Санарип багыты аркылуу калкыбызды түйшөлткөн ар кыл маселелерди жеринде чечип, өлкөбүздүн баардык жашоочуларынын маселелерине өз убагында көңүл буруп, милиция накта элдин кызматындагы орган экендигин далилдеп, иш алып баруу жалпы ички иштер органдарынын башкы милдети болуп саналат.


ИИМ жетекчилиги тарабынан кыргыз милициясынын баардык кызматкерлери үчүн, эл алдындагы жоопкерчиликти ички дилине бекем сактоо, калыстык жана кайраттуулук менен калкыбыздын коопсуздугун камсыздоо – жогорку сыймык экендигин эч качан эсинен чыгарбашы керек, - деп белгиленди коллегиянын соңунда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн