Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 17:33
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Милиция коомдук транспортто чөнтөк уурулук кылган шектүүнү кармады

28.03.2024 13:31
170
Милиция коомдук транспортто чөнтөк уурулук кылган шектүүнү кармады


Милиция кызматкерлери коомдук транспортто чөнтөк уурулук кылган шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен жаран Б.Ч. кайрылган. Анын айтымында, Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде кичи автобуста белгисиз адамдар анын 62 миң сомдук iPhone XR уюлдук телефонун уурдап кетишкен.


Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 2001-жылы туулган О.Б аттуу жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн