Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:45
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Милиция өзгөчө абалдын талаптарын кыдырып түшүндүрүүдө (фото)

25.03.2020 10:41
1062
Милиция өзгөчө абалдын талаптарын кыдырып түшүндүрүүдө (фото)


Кечээ, 24-мартта Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери ИИМ Академиясынын, Чүй ОИИББинин, Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, сан-эпидемстанциянын өкүлдөрү менен биргеликте Аламүдүн районунун аймагында жергиликтүү жашоочуларга коронавирус илдетинин жайылышын болтурбоо боюнча өкмөттүн талаптарын түшүндүрдү.


ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, анда түндө жана карантин учурунда өспүрүмдөрдүн сыртта жүрүүсүнө жол бербөө жөнүндө ата-энелер менен маектешти.


Алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө деталдык-маршруттук планы иштелип чыгып, иш-чарага тартылган өздүк курамга тескемелер өтүлүп, так тапшырмалар берилди.


Ошондой эле мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо, жарандарга сылык мамиле кылуу боюнча өздүк курамга тескемелер өтүлдү.


Иш-чарага 38 жөө жүргөн патрулдар, милициянын ыйгарым өкүлдөрүнөн 12, жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнөн 16, милициянын кайгуул-күзөт кызматынан 12, Чүй ОИИББинен 4, ИИМ Академиясынан 50 кызматкер тартылып, үн күчөткүчтөр жабдылган 38 унаа менен 224 көчөнү камтыган 56 айылды кыдырышты.


Андан сырткары, иш-чаранын жүрүшүндө милициянын көчмө кабылдамасын колдонуу менен жогорудагы айылдарды кайгуулдоо жүргүзүлүп, карантин учурунда коопсуздуктун шарттары менен эрежелерин сактоо боюнча маалыматтарды беришти.


Ушуга эле катар, Аламүдүн районунда жайгашкан коомдук тамактануу жайларына, оюн-зоок мекемелерине, маданий, массалык иш-чараларды өткөрүү, интернет клубдардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.


Рейд учурунда Аламүдүн, Ленин, Лебединовка, Маевка, Таш-Дөбө айылдарында участкалык милиция тарабынан жергиликтүү жашоочуларга коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу боюнча өкмөттүн талаптары түшүндүрүлүп, түндө жана карантин учурунда өспүрүмдөрдүн сыртта жүрүүсүнө жол бербөө жөнүндө ата-энелер менен маектешишти.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн