Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:59
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Милиция жаш баланы сүзүп кеткен маршрутканын ээсин кармады (Видео)

10.02.2021 16:23
544
Милиция жаш баланы сүзүп кеткен маршрутканын ээсин кармады (Видео)

Бишкекте жеткинчекти сүзүп кеткен маршрутканын айдоочусунун өздүгү аныкталып, кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.


Билдирүүдө маалымдалгандай, 7-февралда саат 11:30дар чамасында такталбаган унаа 7-апрель көчөсү менен түндүк тарапка бара жатып, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү чийинден өтүп бара жаткан баланы сүзүп кеткен видео соцтармакта тараган.

Жол кырсыгынан 6 жаштагы Ж.Н. аттуу бала жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жыйынтыгында "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү унаанын 26 жаштагы Б.Р. аттуу айдоочусу шектүү катары кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн