Теке 27, 2025
Убакыт: 21:53
USD
87.20
87.70
EUR
101.90
102.90
RUB
1.090
1.130

Милициянын демилгеси менен окуучулар ортосунда спорттук оюндар уюштурулду

08.04.2021 16:03
1441
Милициянын демилгеси менен окуучулар ортосунда спорттук оюндар уюштурулду


Кызыл-Кыя ШИИБнин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин демилгеси менен Караван айылдык аймагында жайгашкан орто мектептердин арасында ден-соолукту чыңдоо багытында окуучулар арасында спорттук оюндар уюштурулду. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы кабарлады.



  Бул иш-чаранын максаты мектептер арасындагы ынтымакты бекемдөө, кылмыштуулукту болтурбоо, зордук-зомбулуктарга бөгөт коюу, укук бузуулардын алдын алуу жана жаш өспүрүмдөрдү сергек жашоого тарбиялоо. 


Окуучулар арасында спорттун эстафета түрү ойнотулуп, жалпысынан 64 окуучудан түзүлгөн 8 команда катышып сопорттун катышуучуларына баалуу белектер ыйгарылды. Оюн жогорку деңгээлде өттү. 


  Мындай саамалык жыл сайын Кызыл-Кыя ШИИБнин демилгеси менен өткөрүлүп, мектеп окуучуларына жаңы дем берип келет.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн