Бугу 04, 2024
Убакыт: 11:25
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Милициянын имаратынан качып кеткен жаран кармалды

26.04.2021 09:37
703
Милициянын имаратынан качып кеткен жаран кармалды

Бишкектин Свердлов РИИБинин имаратынан качып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 23-апрель күнү саат 13:00 чамасында Менделеев көчөсүндө жайгашкан кийим тигүүчү цехтен таңгак кездеме уурдалганы тууралуу маалымат милицияга түшкөн. Шектүүнү цехтин кызматкери кармаган. Окуя болгон жерге Свердлов РИИБинин кызматкерлери барып, териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн шектүү РИИБдин имаратына жеткирилген. Жабырлануучу арыз жазып, бул факты уурулук болуп каттоого алынган.


Шектүү имаратка алынып келингенде жарандын жанында документтери болгон эмес. Ал бул ишке катышпаганын айтып, жактоочу талап кылган. Милициянын маалыматы боюнча, ал ошол учурда күбө же шектүү да эмес болгон. Милиция кызматкерлери уурулукка байланыштуу материалдарды топтоп жатканда 3-кабаттагы коридордо турган ал РИИБдин имаратынан чыгып кеткен. Милиция кызматкерлери анын аты-жөнүн тактап, 1988-жылы туулган А.Т. аттуу жаран экени белгилүү болгон. Ал тууралуу маалыматтар тиешелүү кызматкерлерге таратылып, Свердлов РИИБинин кызматкерлери түн ичинде кармап келишкен. Бул факты боюнча милиция кызматкерлерине карата да кызматтык териштирүү иштери башталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн