Учтун айы 15, 2025
Убакыт: 21:42
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.840
0.880

Милициянын кайгуул кызматындагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду

15.01.2025 17:52
30
Милициянын кайгуул кызматындагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду


Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгында коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Коррупциялык схема атайын кызмат тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюуга багытталган иш-чаралардын алкагында аныкталды.

Бишкек шаардык ИИББ МККБнын укук тартибин сактоо бөлүмүнүн инспекторлору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз материалдык баюу максатында автоунааларды камоочу жайлардан алып чыгууга уруксат берүүгө жана ар кандай тоскоолдуктарды жасалма жол менен түзүү боюнча туруктуу схема түзүп алышкан.

Ишти карап чыгууну тездетүү жана оң чечим кабыл алуу үчүн жол кырсыктарынын катышуучуларын акча каражаттарды берүүгө мажбурлашкан.

2025-жылдын 14-январында аталган иштин алкагында Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын инспекторлорунун кызматтык бөлмөлөрүнө тинтүү иштери жүргүзүлүп, белгиленген факт боюнча кылмыш иши козголгон. Иш-чаранын жыйынтыгында инспекторлор Т.С.Э., И.К.М., Б.у.З., А.К.А. кармалышты.

Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмыштарды жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы иш жүргүзүүнү улантып, коррупцияга каршы күрөш чөйрөсүндө өлкөнүн мыйзамдары катаалдаштырылгандыгын эскертет.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 31-декабрында президент Садыр Жапаров "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 25-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча өлкөнүн жогорку жетекчилигинин ички саясий курсун ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан. Ал коррупциялык жана башка кылмыштардын алдын алуунун натыйжалуу чараларын түзүүгө, ошондой эле мындай кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган жана мамлекеттик, муниципалдык кызматка кайра орношууну каалаган адамдар үчүн Жазаларды күчөтүүгө жана чектөөлөрдү белгилөөгө багытталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн