Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Милициянын кызматтык унаасына секирген бала жоопко тартылат

08.06.2022 14:24
735
Милициянын кызматтык унаасына секирген бала жоопко тартылат

6-июнда социалдык тармактарга белгисиз өспүрүм патрулдук милициянын кызматтык унаасынын алдыңкы капотуна чыгып секирип жаткан видео тараган. Ал эми аны видеого жанындагы шериги тартып турган. Бул видео коомчулукта кызуу талкуу жаратып, өспүрүмдөргө карата түрдүү пикирлер жазылган. 


Көп өтпөй окуя Ош облусунун Ноокат шаарында жайгашкан "Апсатар Ажы" чайканасынын жанында болгонудугу белгилүү болду. Ош ОИИБнын ЖКККБнын басма сөз катчысы Алтын Теңгизбаев “Ынтымака” билдиргендей, эки өспүрмдүн өздүгү аныкталып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 

 

 "“Майда бейбаштык” беренесинин негизинде протокол түзүлүп, сот органдарынын кароосуна жиберилет. Сот органдары жаш балдарга же алардын ата-энелерине карата чара көрөт. Ага чейин жаш өспүрүм балдардын ата-энелерине милиция тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, соңунда өспүрүм баланын ата-энеси жана өзү видео аркылуу кечирим сурашты”, - деди Теңгизбаев.

 

Мындан сырткары, Теңгизбаев жаш өспүрүмдөрдү жумушка тарткандагы үчүн "Апсатар Ажы" чайканасынын ээсине 5 500 сом айып пул салынгандыгын кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн