Ийгиликтүү бизнесменден сурашты:
-- Бул ийгиликтерге кантип жетиштиңиз?
-- Билесиңби, мен жашоодо бактылуумун, - деп бизнесмен жайбаракат сөзүн улады, -- Мен канчалык көп иштесем, ошончолук бактымды таптым.
***
Илон Маск да бир жолу айткан:
-- 80 сааттан баштап 100 саатка чейин жума сайын иштеш керек. Бул ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Эгерде башка адамдар жумасына 40 саат иштесе, сен 100 саат иштесең, төрт айдын ичинде аларга бир жыл керек болгон убакытта ийгиликке жеткениңди билесиң.
***
Миллиардерден сурашты:
-- Эгер сиз нөлдөн баштасаңыз, эмне кылат элеңиз?
-- Мен биринчи жолу келген жумушка орношуп, 500 доллар үнөмдөп, аны менен жакшынакай костюм сатып алып, ийгиликтүү адамдар чогулган кечелерге бара баштамакмын.
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн