«Кумтөр» алтын кенин иштетүүчү «Кумтөр Голд Компани» «Айыл Банк» ААКда негизги эсеп-кассалык тейлөөгө өттү. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында банктын башкармалыгынын төрагасы Улан Букабаев билдирди.
Айыл Банктын» төмөнкү кызматтар боюнча тейлөөлөрдү жүргүзөт:
Жеке адамдар үчүн мобилдик банкты ишке киргизүү;
Жаңы автоматташтырылган банк системасын ишке киргизүү;
Mastercard эмиссиясы;
«Кумтор Голд Компани» ЖАКты эсеп-кассалык тейлөө;
“Ислам терезесин” ачуу боюнча тейлөө;
Эмгек мигранттарын тейлөө;
Белгилей кетсек, буга чейин «Кумтөр Голд Компанинин» негизги эсеп-кассалык тейлөөсү «Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы» тарабынан (KICB) жүргүзүлүп келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн