- Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун ишмердиги көңүлгө толобу? Өлкөбүздө азык-түлүк коопсуздугу кандай абалда? Дыйкандардын мээнети акталып атабы?..
Жамин Акималиев, академик:
- Аскарбек Жаныбековдун жаман иштегендигинен айыл чарба тармагыбыз быйыл банкротко дуушар болду. Фермерлерибиз орчундуу зыянга учурап, кирешелеринен ажырады, ак эмгектери талаага кетти. Башкасын айтпасак дагы, азап-тозок менен өндүрүлгөн азык-түлүктү сатып берүүдө айыл чарба министрлигинин жардамын дыйкандар сезбей жатат. Бир эле мисал келтирейин. Биздин шартыбызда картошка экинчи нан болуп эсептелет. Буудайдын түшүмү кескин төмөндөп, ун кымбаттап жаткан учурда, картошка нанга болгон муктаждыкты толуктай алат. Республикада өндүрүлүүчү картошканын негизги өлчөмү Ысык-Көл облусунан алынат. Ал жерде дыйкандар быйылкы жылы мол жана сапаттуу түшүмдү камсыз кылышты. Бирок алгандардын аздыгынан 1 килограмм картошканын баасы 11 сомдон ашпай жатат. Ошол эле учурда Бишкектин дүкөндөрүндө картошка 33 сомдон сатылууда. Көлдүн дыйкандары “эмне үчүн айыл чарба министрлиги бул жагынан бизге жардам бербейт?” деп сыздап отурушат.
Аскарбек Жаныбеков азык-түлүк коопсуздугун жокко чыгарды. Тамак-аштын тогуз түрүнүн үчөөнөн гана, башкача айтканда, сүт, жашылча жана картошка менен өзүбүз камсыздай алабыз. Ал эми калган алты түрү боюнча көпчүлүк көлөмдү сырттан сатып келебиз. Ушундан улам азык-түлүктүн баасы асманга чыгып кетти. Өзүбүз өндүргөндө баа бир жарым эсеге арзан болмок. Республикабызда азык-түлүк коопсуздугун камсыздаганга толук шарттар бар. Ал үчүн айыл чарба министрлигинин жетекчилиги бул маанилүү тармакты илимий негизде жүргүзүшү зарыл. Андай болбой жатпайбы! Анын ордуна Аскарбек Жаныбеков “быйыл тамак-аштын беш түрү менен камсыз кылам” деген карандай калпты айтып, элди жана президентти алдап жатат. Карапайым калк мындай куру убадалардан тажап бүткөн жана ага эбак эле ишенбей калган.
Кыскасы, айыл чарбасын өркүндөтүүнүн бир гана жолу калды, ал – Аскарбек Жаныбековду кызматынан кетирип, ордуна жаңы жана жакшы адисти алып келүү.
Эсенгул Исаков, экс-депутат:
- Айыл чарба министрлиги жаңы багытта иштесе, аларга эч ким нааразы болбойт эле. 30 жылдан бери келген министрлер аракет кылып иштешкени менен базар экономикасынын талабына ылайык эч нерсе кыла алышкан жок. Азыр дыйкандардын талабы – өндүргөн продукцияларын чет жакка экспортко өткөрүү. Чынында айыл чарба министрлиги сатып алуудан тышкары дыйкандарга тейлөө кызматын көрсөтүшү керек эле. Тилекке каршы, министрлик тараптан андай аракет болгон жок. Ошон үчүн дыйкандар “айыл чарба министри эмне кылып койду эле?” деп нааразы болушат. Анткени, дыйкандар өздөрү техникага тетиктерди издейт, өндүргөн продукциясын тышка сатыш үчүн керектүү документтерди топтоп, өздөрү чуркап, уруксат алышат. Айтор, дыйкандар баарына аракет кылышат. Эң жаман жери, алар өз алдынча өндүргөн продукциясын экспортко чыгарганда түрдүү себептер менен жолдон кайтып келген учурларда кыйналып калышат.
Азыр дыйкандар чоң көлөмдө сапаттуу айыл чарба продукциясын өндүргөндү үйрөнүп алышты. Болгону, буларга жеткиликтүү жардам болбой жатат. Мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыя түрүндө берилген 5-6 миллиард сом дыйкандардын он пайызына эле жетти. “Быйыл эки жарым, үч миң дыйкан жеңилдетилген насыя алды” дешкени менен ал каражаттар жетишсиз. Бизде 400 миңден ашык дыйкан бар. Айыл чарба министри жок дегенде жаңы көз караш менен ишти уюштуруп, дыйкандарга жардам берсе, кыйла жеңилдик болмок.
Азык-түлүк коопсуздугу боюнча дыйкандарга ыраазычылык айтыш керек. Ошолордун жардамы менен бул жагы алдын алынып жатат. Болгону министрлик алдын ала дыйкандарга “быйыл ушул продукция кымбатташы мүмкүн, ошого кам көрөлү” деп мониторинг жүргүзүп турса, жардам болмок. Күз келгенде дыйкан эмки жылы эмне эгерин билиши керек. Анткени, айыл чарба тармагы тынымсыз өзгөрүп турат эмеспи. Ошон үчүн күзүндө да жер семирткич керектелет. Биздин фермерлер жакшы күндөн үмүт кылып, тынымсыз иштешет. Быйыл мына кургакчылык болуп, дыйкандар банкрот болушту. Эми ал чыгымды үч жылсыз ордуна тургуза алышпайт. Себеби, дыйкандардын эмгеги акталбай калганда “форс-мажордук кырдаал болуп калды” деп каражат төлөп берип, чыгымынын ордун толтуруп бергенге биздин мамлекетте мүмкүнчүлүк жок. Айыл чарба министрлиги мындай мезгилде дыйкандарга колдоо көрсөтүүнү да ойлошу керек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн