Бугу 20, 2024
Убакыт: 19:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Министр Бейшеналиевдин үстүнөн арыз жазылды

10.02.2022 09:09
1574
Министр Бейшеналиевдин үстүнөн арыз жазылды

Журналист Акылай Маратова Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу ал жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине билдирген.


Акылай Маратова арызды министрдин таластыктар тууралуу айткан сөзү боюнча жазганын, кечирим суроо аздыгын, анын сөзүнө укуктук баа берилиши керектигин айтты.


“Башкы прокурор Курманкул Зулушев өткөргөн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айткан сөзү үчүн эч бир жарандан арыз келип түшпөгөнүн, эгерде маалымат түшсө башкы прокуратура текшерүүгө аларын билдирди. Кечээ, 9-февралда башкы прокуратуранын сайты аркылуу министрдин айткан сөзүнө укуктук баа берилүүсүн талап кылып онлайн арыз жаздым. Министр кечирим сурады, бирок анын айткан сөзүнө мыйзамдын негизинде укуктук баа берилиши керек. Анткени ал жөнөкөй жаран эмес министрлер кабинетинин өкүлү”, - деди Маратова.


Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Аниса
Бул министирдин таластыктар аферисты деген созунон кийин фейсбукта жонокой эл кырылып атат тасстыктар силер ушундайсынар деп таластыктар аларга жооп кайтарып кайм айтышуу бул акмакчылык Жумабековту жумуштан кетирем деп элди кагылыштырып койду Министрге мен дагы арыз жазам мен дагы таласстыкмын мага да тамашалап ээми таластыктар тынч жургуло деп эмне деген соз ишенген бийлигибиз оз элин болуп атса
АбдыСүйөр
Маратова деген жеке эле Таластыктарды ойлоп дөөдүрөп жаза бербей, жалпы Кыргыз Элинин тынчтыгын ойлобойбу, ажырагыз биримдигин ойлобойбу, Карапайым Элди ойлобойбу, Карапайым Элдин канын соргон, кымбатчылык алып келген Арам Тамактарга каршы турбайбы... Бейшеналиев Алымкадыр менин эч кимим эмес, тааныбайм, биринчи жолу көрүшүм, бирок Карапайым Кыргыз Элине пайдасы тийип жардам берет деген үмүт бар...