Аяк оона 24, 2024
Убакыт: 01:24
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Министр К.Жунушалиев иш сапары менен Баткенге барды

04.09.2020 11:30
1030
Министр К.Жунушалиев иш сапары менен Баткенге барды


Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Баткен облусундагы иш сапарында ОИИБдин бөлүктөрүнүн иштөө шарттары менен жеринен таанышып, бир катар талаптарды койду.


ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 3-сентябрда Кашкар Жунушалиев Кадамжай РИИБдин имаратынын курулушу, Лейлек районундагы Кулунду айылындагы ИИМдин Ички коопсуздук аскер  кызматынын №707 аскер бөлүгүнүн өзүнчө ротасынын имаратынын курулуш иштери менен таанышты жана Кадамжай, Лейлек районунун ИИБдин өздүк курамы менен жолукту. 


Ошол эле күнү Баткен районундагы Көк-Таш айылындагы ИИМдин Ички коопсуздук  аскер кызматынын имаратынын жаңыдан башталган курулушу менен таанышып, андан соң Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын имаратында Баткен ОИИБдин бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын жана райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү.


Министр Кадамжай РИИБдин имаратынын курулушу менен таанышып, райондук бөлүмдүн имаратын тез жана сапаттуу жүргүзүү, кызматкерлерге шарт түзүү жана коомдук тартиптин сакталышына да өзгөчө көңул буруу керек экендигин белгиледи. 


Ушуга эле катар Лейлек районундагы Кулуңду айыл аймагындагы Интернационал айылында жайгашкан ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын №707 аскер бөлүгүнүн өзүнчө ротасынын имаратынын курулуш иштери менен кеңири таанышты. 


Бул жерден Кашкар Жунушалиевди ИИМдин Ички коопсуздук аскерлер кызматынын колбашчысы полковник И.Кенжегулов имаратты оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү боюнча  тааныштырды. 


Ошол эле күнү Баткен районундагы Көк-Таш айылындагы ИИМдин Ички коопсуздук  аскер кызматынын имаратынын жаңыдан башталган курулушу менен таанышып, курулуш иштерин тездетүүнү жана ага тиешелүү бардык жардамдар көрсөтүлө тургандыгын белгиледи. 


Оiондой эле, министр Кашкар Жунушалиев Баткен ОИИБдин имаратында бөлүмдөрдүн, кызматтардын  башчылары жана район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйналыш өткөрүп, шайлоо иштерине байланышкан  буюрмаларды, өзгөртүүлөр жана кошумчалар киргизилген жаңы мыйзамдардын талаптарын кынтыксыз аткарууну талап кылды. 


Мындан тышкары, облустук милициянын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнө токтолуп, кылмыштуулук менен күрөшүү, укук бузууларды алдын алуу, коомдук коопсуздукту  камсыздоо багытында кошумча тапшырмаларды койду.  Ушул жылдын 4-октябрында өтө турган Жогорку Кеӊештин депутаттарды шайлоого карата көрүлүп жаткан коопсуздук чараларын, мыйзамдуулукту сактоо боюнча бир катар уюштуруу иштеринин сапатын жогорулатуу керектигин айтты. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн