Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 11:20
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Министр: Коронавирустун үчүнчү толкуну майдын аягы, июндун башына келет

14.04.2021 16:16
1521
Министр: Коронавирустун үчүнчү толкуну майдын аягы, июндун башына келет

Кыргызстанга коронавирустун үчүнчү толкуну майдын аягы, июндун башына келет. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Парламентаризм сабактары" эфиринде билдирген.


Анын айтмында, элдин көпчүлүк бөлүгү былтыр ошол убакта коронавирус менен ооруган жана антитела пайда болгон. Анын күчү 8 айдан бир жылга чейин жетет.


"2020-жылдын май-июнь айларында калктын басымдуу бөлүгү коронавирус менен ооруп айыккан. Ооруп айыккан адамдарда антитела пайда болот. Анын күчү сегиз айдан бир жылга чейин жетет. Ошондуктан коронавирустун үчүнчү толкуну май аягына жана июнь айынын башына туура келиши мүмкүн. 

Азыркы учурда Чүй жана Бишкек шаарында оору көп байкалууда",- деди министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн