Чын курандын 16, 2025
Убакыт: 14:17
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.045
1.090

Министр Жээнбек Кулубаев жумушчу сапары менен Кувейтке барат

16.04.2025 09:04
22
Министр Жээнбек Кулубаев жумушчу сапары менен Кувейтке барат


Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жумушчу сапары менен Кувейт мамлекетине барат. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. 


Министр сапардын алкагында Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши – Борбор Азия стратегиялык диалогунун Тышкы иштер министрлеринин III жыйынына катышат.


Жыйындын күн тартибинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери камтылган.


Тараптар 2023-жылдын 19-июлунда Жидда шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Перс булуңунун кызматташтык кеңешинин биринчи саммитинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле алдыдагы экинчи саммитке даярдыктарды карап чыгышат.


Ошондой эле сапардын алкагында тышкы иштер министрлигинин башчысы Кулубаев Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен бир катар өзүнчө эки тараптууу жолугушууларды өткөрөт, ал жолугушууларда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн