Бугу 15, 2024
Убакыт: 05:36
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Министр иш сапары менен Азербайжанга барат

25.06.2021 08:47
1667
Министр иш сапары менен Азербайжанга барат


24-июнда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин жана кеңири күн тартипти белгилешти.

Кыргыз-азербайжан кызматташуусунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду, жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде байланыштардын графиги, анын ичинде министр Руслан Казакбаевдин Азербайжанга боло турган иш сапары талкууланды.

Тараптар саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү жигердүү практикалык өз ара аракеттенүүнү улантууга бекем даярдыгын билдиришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн