Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жалал-Абадда оорукана жабылды деген министрдин сөзү жалган, - облустук штаб

08.04.2020 11:38
1132
Жалал-Абадда оорукана жабылды деген министрдин сөзү жалган, - облустук штаб


Жалал-Абадда бүт кызматкерлери коронавируска чалдыккан оорукана жабылды деген министрдин сөзү чындыкка дал келбейт. Мындай пикирин Жалал-Абад облустук штабынын жетекчисинин орун басары Урмат Боржуев  turmush.kg басылмасына билдирген.  


Ага ылайык, аталган ооруканадан коронавируска чалдыккан 13 адам чыгарылгандан кийин дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн.


"Учурда башка бейтаптарды кабыл алууга даяр, оорукана жабылган эмес, ичинде бригада иштеп жатат, - деген Боржуев.


Ошондой эле ал оорукананы бир кызматкеринде гана коронавирустун белгилери аныкталганын, калгандары бул илдетке чалдыкпагандыгын билдирген.


Эскерте кетсек, буга чейин саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов бүгүн, 8-апрелде онлайн брифингде Жалал-Абадда кызматкерлери бүт коронавируска чалдыккан оорукана жабылганын кабарлаган эле. 




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн