Бугу 21, 2024
Убакыт: 03:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Министр жөнөкөй адамдын кейпинде ооруканаларды текшерерин билдирди

04.04.2022 08:23
584
Министр жөнөкөй адамдын кейпинде ооруканаларды текшерерин билдирди

Кыргызстандагы ооруканаларды министрдей эмес, жөнөкөй бейтаптын кейпин кийип барып текшерем. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ЭлТР каналына берген маегинде билдирди.


Аткаминер ишемби, жекшемби күндөрү спорттук кийим менен аймактардагы ооруканаларды текшерүүгө чыгып кетерин белгилеген.

"Эч кимге айтпай, министр экенимди билгизбей өзүмдү бейтап сыяктуу көрсөтүп, ооруканаларды акырын текшерем. Бир жолу сокур ичегимди алдырам деп бир ооруканага бардым. Ал жактан медик операция кылам деп жатканда "бул жерде тырык турат, сокур ичеги болгон окшойм" десем эле дарыгер мени таанып, таң калган. Негизи мурда сокур ичеги болгом да. Ошентип текшерсем ал оорукана кандай иштеп жатканын билем. Министр келе жатат дегенде баарын жууп-тазалап жакшы жерлерин гана көрсөтөт. Анын эмне кереги бар", — деген министр.


Ал ооруканалардын 60 пайызын дал ушундай ыкма менен текшерип, бир топ башкы дарыгерлерди кызматтан алганын кошумчалаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн