Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:55
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Министрдин айылдарды дезинфекция кылып атабыз дегени калп, - Кызыл-Октябрь айылынын жетекчиси

03.04.2020 20:18
6844
Министрдин айылдарды дезинфекция кылып атабыз дегени калп, -  Кызыл-Октябрь айылынын жетекчиси


Жаңы келген саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун айылдарды ӨКМ менен Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти  дезинфекциялап жатат деген сөзү чындыкка дал келбейт. Мындай пикирин Өзгөн районунун  Кызыл-Октябрь айыл аймагынын башчысы Эржигит Пасанов билдирди.  


Пасанов жаңы министр парламенттин жыйынында таптакыр туура эмес маалыматтарды айтканын, бардык каражаттарды техникаларды айыл өкмөттөр өздөрү таап, камсыз кылып жаткандыгын кабарлады.


"Министр айтып жатат дезинфекциялык иштердин барын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен  Санитардык-эпидемиологиялык кызмат эле кылып жатат деп. Чынында андай эмес, бүт эле айыл өкмөттөр өз күчтөрү менен эле кылышууда. Мисалы Өзгөн районундагы айыл өкмөттөрдө өзүбүз эле хлор сатып алып, өз күчүбүз менен эле трактор таап, айылдарды дезинфекция кылып жатабыз", - дейт Пасанов. 


Ал айрым атайын каражаттар берилген, бирок ал өтө аз өлчөмдө дейт. Мындан сырткары орнотулган блокпосттор да алардын моюнунда экендигин айтат.  


"Райондон бизге баш аягы 25 литр хлор берди. Ал айыл аймакты жалпы эмес, бир кичине айылды бир жолу дезинфекциялаганга да жетпейт.  Мен өзүм 345 литр хлорду жаныман сатып алып келдим. Бизде 9 айыл бар, барын ар 3 күн сайын дезинфекциялап жатабыз. Жада калса борбордук блокпосттордон бери айыл өкмөттөргө жүктөп салган. Биздин айылга баш аягы 4-5 пост коюлган ал жердеги кызматкерлерге мен өзүм атайын кийимдерди сатып келип бердим. Алардын тамак-ашы да биздин моюнубузда", - деди Пасанов.  


Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеште депутаттар дезинфекциялоо иштери айыл өкмөттөргө жүктөлүп, алар эмне кыларын билбей жатышканын айтышкан. Буга саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов каршы болуп, айылдарды ӨКМ менен Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти дезинфекциялап жатат деп айткан болчу.  




Пикирлер (9)

Коопсуздук коду
Жеңиш
Министрликтин бул сөзү чындыка жакындап койгон жок . Уйалбай кресло учун калп айтса , эл үчүн иштеп жыргатпайт го.
Максат
Жаны Министирибиз келеери менен ээрге кыйшак отурдуго, жалган суйлоп, Эл коруп билип туратта баардык жерде айыл окмоттор оздору болгон кучун жумшап оз аймагын колунан келишинче дезинфекциялап жана башка иштердин алдын алып журушот, Минздрав кечирим сураш керек жалган маалыматы учун, айыл окмотторго алардын жардамы да алкышы да кереги жок, окмоттор мага тиешелуу тиешелуу эмес дебей эле эл учун кызмат кылып журушот.
Рустам Расулов
Айыл Башчысы эркекче соз айтыптыр. Аллах разы болсун.
Наргиза
Бул эмитеден калп айтса, кыйратпайт. Бишкектин тегерегиндеги айылдар дизинфекциялана элек эмгиче. Алысыраак айылдар кырылып калабызго.
Жаран
Пригородный айылы дезинфекция боло элек. Ушул кунго чейин кагаз турундо болушу мускун а фактический жок