Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 13:13
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Министрдин орун басары Н.Үсөнбаев коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты

05.08.2020 11:40
941
Министрдин орун басары Н.Үсөнбаев коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты


Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев ооруканадан дарыланып чыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 5-августтагы брифингде журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирди. 


Анын айтымында, министрдин орун басары эртең жумушка чыгат. 


"Н.Үсөнбаев Бишкек шаарындагы инфекциялык ооруканасында тиешелүү дарылануудан өттү. Эртең, 6-августтан тарта жумушка киришет", - деди Айнура Акматова. 


Буга чейин Нурболот Үсөнбаевден коронавирус аныкталганы маалымдалганган. Ал эми Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов дарылануудан кийин 3-августта жумушка чыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн