Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:07
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Министрлер кабинетинде адам укуктары талкууланды

29.03.2022 17:50
458
Министрлер кабинетинде адам укуктары талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов министрлер кабинетине караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.


Жолугушуунун жүрүшүндө жыйындын мурдагы протоколунун пункттарынын аткарылышы тууралуу маалымат угулду жана 2022-2024-жылдарга адам укугу жаатындагы Иш-араккеттер планынын долбоору талкууланды.


Кеңешменини жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жарандыгы жок жактарды документтештирүү боюнча жумушчу топту түзүүнү тапшырды жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын ченемдеринин аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Үчүнчү мезгилдүү баяндамасын коргоо боюнча жумушчу топ түзүү маселесин иштеп чыгуу зарылдыгын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн