Бугу 10, 2024
Убакыт: 01:29
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Министрлер кабинетинин башчысы Улуу Британияга барат

31.10.2023 09:00
251
Министрлер кабинетинин башчысы Улуу Британияга барат


Ноябрдын аягында Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Улуу Британияга расмий сапары пландалууда. Бул тууралуу Улуу Британиянын Бишкектеги элчиси Ник Боулер билдирди.


Анын айтымында, министрлер кабинетинин башчысы бизнес делегациянын коштоосунда келет. Бул министрлер кабинетинин башчысынын падышачылыкка жасаган биринчи сапары болмокчу.


«Биз иш сапардын аркасында Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы соода мамилелеринде жылыш болот деп ишенебиз. Сапардын алкагында эки бизнес-форум өтүп, анда эки өлкөнүн ишкерлеринин кызматташуусун талкуулоого болот. Талкуу жүрүп жаткан учурда, иш сапардын жыйынтыгында кандай документтерге кол коюларын азыр айта албайбыз», - деп кошумчалады Ник Боулер.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн